• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Месси менен Роналдунун тиреши: "Ювентус" клубу "Барселонаны" 3:0 эсебинде утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Чемпиондор лигасынын тайпалык оюнунда "Ювентус" менен "Барселона" командалары оюн өткөрдү.

"Камп Ноу" стадионунда өткөн оюн 3:0 эсебинде "Ювентус" клубу жеңиши менен аяктады. Италиялык команданын чабуулчусу Криштиану Роналду 2 гол (айып сокку) киргизгенге жетишти. Ошондой эле беттештин 20-мүнөтүндө Уэстон Маккенни атаандашынын дарбазасын бош калтырган жок.

Эки команда G тайпасында орун алган. 8 турдун жыйынтыгында "Ювентус" менен "Барселона" 15тен упай топтоп Чемпиондор лигасынын 1/8 финалына өттү.

Пикир

Оставить комментарий