• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Месси: Неймарды мадриддик "Реал" командасына өтөт деп ойлогом

Спорт 0

Бишкек, 09.10.19. /Кабар/. "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси франциялык "ПСЖ" командасынын жылдызы Неймар жайында "Реал" командасына өтөөрүнө ишенгенин билдирди. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

Жайында бразилиялык футболист "ПСЖ" клубунан кетээрин ЖМКлар жазып чыккан. Неймар карьерасын "Барселона" же мадриддик "Реал" командасында улантууну каалаган.

"Чындыгында, мен Неймарды "Барселонага" болбосо "Реал" командасына өтөт деп ойлогом. Ал "ПСЖ" клубунан кетээрин мага айткан жана өзү да каалап жаткан. Флорентино Перес жана "Реал" бразилиялык оюнчуну өз катарына кошуу үчүн болгон аракетин жасайт деп ойлогом", - деп Мессинин сөзүн Marca басылмасы жазат.

Эскерте кетсек, 2017-жылы франциялык клуб Неймар үчүн "Барселонага" 222 миллион евро төлөп, сатып алган. 2019-20-жылкы сезондун башталышында Неймар 5 оюн өткөрүп, 4 гол киргизген.

Пикир

Оставить комментарий