• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Месси, Суарес, Гризманн баштаган "Барселона" клубунун "Реалга" каршы ойной турган футболчулары айтылды

Спорт 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. "Барселона" клубунун машыктыруучусу Эрнесто Вальверде "Реал" командасына каршы ойной турган футболчулардын тизмегин жарыялады. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Футбол боюнча Испаниянын биринчилигинин 10-турундагы "Барселона" – "Реал" оюну өлкөдөгү башаламандыктан улам жылдырылган болчу.

Беттеш 19-декабрга өтөт.

Эртеңки оюнга Барсанын башкы машыктыруучу Вальверде "Реалга" каршы ойной турган футболчуларды атады.

Алар:

Дарбазачы: Марк-Андре тер Штеген, Нето.

Коргоочу: Нелсон Семеду, Жерар Пике, Клеман Лангле, Жорди Альба, Самюэль Юмтити.

Жарым коргоочу: Иван Ракитич, Серхио Бускетс, Карлес Аленья, Серхи Роберто, Френки де Йонг, Артуро Видаль.

Чабуулчу: Луис Суарес, Лионель Месси, Антуан Гризманн, Карлес Сайоль, Ансу Фати.

Белгилей кетсек, чабуулчу Усман Дембеле алган жаракатынан улам оюнга катышпайт.

Пикир

Оставить комментарий