• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мессиден эки эсе көп! Роналду Instagram баракчасындагы жарнамалардан 44,1 миллион евро тапкан

Спорт 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Туриндик "Ювентус" клубунун жылдызы Криштиану Роналду акыркы 12 айда Instagram баракчасындагы жарнамалардан түшкөн киреше боюнча тизменин сап башына чыкты. Бул тууралуу Sports.ru басылмасы билдирет.

Buzz Bingoнун маалыматында, Роналду акыркы 12 ай аралыгында 49 жарнамалык билдирүүнү Instagram баракчасына калтырган. Ар биринен 900 миң евро алса, жалпы жонунан 44,1 миллион евро топтогон.

Ал эми, Лионель Месси тизменин экинчи орунуна жайгашкан. Аргентиналык оюнчу Instagram баракчасына 36 билдирүү калтырган. Ар бирине 590 миң евро алып, 21,2 миллион евро тапкан.

"МЮ" клубунун мурунку оюнчусу Дэвид Бекхэм болжол менен 10 миллион евро табып, тизменин төртүнчү орунуна жайгашкан. "ПСЖ" команданын чабуулчусу Неймар алтынчы орунда (6,5 миллион евро) турат.

Пикир

Оставить комментарий