• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мессинин голу Чемпиондор лигасында жуманын мыктысы болду — видео

Спорт 0


Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. “ПСЖ” клубунун оюнчусу Лионель Мессинин “Манчестер Сити” командасына киргизген голу Чемпиондор лигасынын экинчи турунун жыйынтыгы менен жуманын мыктысы болду. Бул тууралуу Р-спорт басылмасы жазат.

Оюн 2:0 эсебинде франциялык команданын жеңиши менен аяктады. Месси беттештин 74-мүнөтүндө дарбазага 18 метр аралыктан тепкен тобу голго айланды. Бул гол аргентиналык оюнчу үчүн “ПСЖ” командасынын катарындагы алгачкы голу болду.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында "Манчестер Юнайтед" клубунун коргоочусу Алекс Теллес үчүнчү, "Шерифа" командасынын оюнчусу Себастьян Тилль экинчи орунга чыкты.

Пикир

Оставить комментарий