• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мессинин рекорду, Левандовский покер жаратты. Чемпиондор лигасынын 5-туру жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Футбол боюнча Европа чемпионатындагы эң эле таасирдүү болгон Чемпиондор лигасынын 5-турунун оюндары жыйынтыкталды. Бул оюндарда айрымдары рекорд койсо, айрым командалар эмитен эле лиганын 1/8 финалына жолдомо алышты.

Негизги беттештерге токтолсок:

Оюндар 26-ноябрда кечки саат 23:55те башталып, 28-ноябрда жыйынтыкталды. Беттешке катышкан 32 команда 8 тайпага бөлүнүп, лиганын 1/8 финалына чыгуу үчүн күч сынашууда. Ал финалга чыгуу үчүн командалар 6 оюн өткөрүшөт, бирок айрым командалар 5 беттештен кийин лиганын 1/8 финалына өтүштү.

Чемпионаттын А тайпасынан баштасак. Мында "ПСЖ", "Реал", "Брюгге" жана түркиялык "Галатасарай" командалары жайгашкан. "Брюгге" менен "Галатасарай" командаларынын оюну 1:1 эсебинде бүттү. Тайпанын үчүнчү орунуна ойногон беттеште белгиялык клубдун оюнчусу кызыл карточка алганга жетишти.

Ал эми тайпанын биринчи оруну үчүн ойногон "Реал" менен "ПСЖнын" тирешүүсү 2:2 эсебинде аяктады. "Реалдын" чабуулчусу Карим Бензема оюнда дубль жасаганга жетишти. Ал беттештин 17, 79-мүнөтүндө гол киргизди. Франциялык клубдун чабуулчусу Килиан Мбаппе 81-мүнөтүндө, Пабло Сарабия 83-мүнөттөрдө гол киргизип, эсепти теңеди.

А тайпасында "ПСЖ" командасы 13 упай жана "Реал" 8 упайы менен лиганын 1/8 финалына чыгуу укугуна ээ болду.

Кийинки В тайпасында оюндар кызуу өттү. "Бавария" менен "Црвена Звезда" командасынын оюну 6:0 эсебинде жыйынтыкталды. "Бавария" клубунун чабуулчусу Роберт Левандовский ал оюнда покер (4 гол) жасаганга жетишти. Ошондой эле Левандовский лигада 10 жолу гол киргизип, мыкты чабуулчулар тизмегинин сап башына чыкты.

Тайпадагы экинчи жубу болгон "Тотенхэм" командасы "Олимпиакос" клубун 4:2 эсебинде жеңип алды. "Тотенхэм" Чемпиондор лиганын 2018-2019-жылкы сезондо финалга чейин барган команда. Бул жылкы сезондо анын башкы машыктыруучусун алмаштыруу чечими кабыл алынган.

"Манчестер Юнайтед" жана "Челси" клубунун мурдагы машыктыруучусу Жозе Моуринью англиялык "Тоттенхэм" командасынын жаңы машыктыруучусу болуп дайындалган.

Моуриньюнун баштаган "Тотенхэм" клубу каршылашын жеңип лиганын 1/8 финалына жолдомо алышты. Ошондой эле В тайпасында биринчи орунду ээлеп келген "Бавария" да жолдомого ээ болду.

D тайпасынын биринчи сабында турган "Ювентус" өзүнүн күчтүүлүгүн көрсөттү. Ал испаниялык "Атлетико" командасы менен оюн өткөрдү.

Италияда өткөн оюнда "Ювентус" каршылашын 1:0 эсебинде утуп алды. Оюндун биринчи бөлүгү аяктаар алдында, 47-мүнөтүндө (кошулуп берилген убакыт) айып соккусу белгиленди. Аны Пауло Дибала тээп, гол киргизгенге жетишти.

Дибаланын голу италиялык командага 3 упай алып келди. D тайпасынан жападан жалгыз "Ювентус" лиганын 1/8 финалына ишенимдүү түрдө өттү.

Е тайпасындагы "Ливерпуль" клубу менен италиялык "Наполинин" оюну 1:1 эсебинде тең чыкты. Беттештин 21-мүнөтүндө "Наполинин" чабуулчусу Дрис Мертенс эсепти ачты. Ал эми экинчи бөлүктүн 65-мүнөтүндө англиялык клубдун коргоочусу Деян Ловрен гол киргизип, эсепти 1:1ге айлантты.

F тайпасындагы негизги беттештин бири "Барселона" менен "Боруссия" командасынын оюну, беттеш 3:1 эсебинде аяктады.

Алгачкы голду беттештин 29-мүнөтүндө испаниялык клубдун оюнчусу Луис Суарес киргизди. Ошондой эле оюндун 33, 67-мүнөттөрүндө Месси жана Гризман каршылашынан дарбазасын бош калтырган жок.

Ал эми "Боррусия" оюндун 77-мүнөтүндө гана гол киргизе алды. Аны Жейдон Санчо киргизди.

Лионель Месси Чемпиондор лигасында 34 командага гол киргизген алгачкы оюнчу аталып, рекорд койду.

Бул тайпада "Барселона" гана 1/8 финалга жолдомо ала алды.

Чемпиондор лигасынын 5-турундагы ойногон командалардын тизмеги:

"Локомотив" менен "Байер" (0:2);

"Галатасарай" менен "Брюгге" (1:1);

"Тотенхэм" менен "Олимпиакос" (4:2);

"Реал" менен "ПСЖ" (2:2);

"Манчестер сити" менен "Шахтер Донецк" (1:1);

"Ювентус" менен "Атлетико" (1:0);

"Црвена Звезда" менен "Бавария" (0:6);

"Аталанта" менен "Динамо Загреб" (2:0);

"Зенит" менен "Лион" (2:0);

"Валенсия" менен "Челси" (2:2);

"Барселона" менен "Боруссия" (3:1);

"Славия" менен "Интер" (1:3);

"Лилль" менен "Аякс" (0:2);

"Генк" менен "Ред бул" (1:4);

"Ливерпуль" мене "Наполи" (1:1);

"Лейпциг" менен "Бенфика" (2:2).

Чемпиондор лигасында Европанын алдыңкы делген 32 команда кубок үчүн ойношот. Былтыркы жылы аталган лиганын кубогун англиялык "Ливерпуль" командасы илип кеткен.

Пикир

Оставить комментарий