• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Мезгил менен катарлаш бол!” деп аталган видеороликтер сынагы башталды

Билим 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. “Мезгил менен катарлаш бол!” деп аталган видеороликтер сынагы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар жана өспүрүмдөр борбору, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программалык кеңсеси, "Ынтымак" коомдук фонду менен биргеликте жайкы мезгилде балдардын ден соолугун чыңдоо жана бош убактыларын пайдалуу өткөрүү максатында “Мезгил менен катарлаш бол!” би-ролдор (роликтер челленджи) сынагын жарыялайт.

Сынак жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, сергек жашоо образы аркылуу жаштарда сабактарга чыгармачылык менен мамиле жасоону уюштуруу, өнүктүрүү жана спортту турмуштук көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн жана позитивдүү баалуулуктардын каражат катары үгүттөө максатын көздөйт.

Конкурска 5-11-класстын окуучулары катыш алат. Катышуучу окуучунун жашоосундагы позитивдүү өзгөрүүдө спорттун маанилүүлүгүн түшүндүрүүсү керек, тактап айтканда, спорт турмуштук көндүмдөрдүн, позитивдүү мамилелерин өнүгүүсүнө, кыйынчылыктарды жеңип чыгууда, максаттарга жетүүгө, командалык иштерге, өзүн өзү көзөмөлдөө жана өз ара урматтоого кантип жардам көрсөтөрүн билдирген роликти (бир мүнөт) даярдашы керек.

Катышуучулар роликтерди төмөндөгү категорияларга ыктап даярдаса болот. Жеңүүчүлөр ушул номинациларда аныкталат:

  • Эӊ креативдүү спорттук көнүгүүлөр (мектеп окуучуларынын өздөрү ойлоп тапкан көнүгүүлөрү дагы болушу мүмкүн);
  • командадагы спорттук көнүгүүлөр ( ата-энелери, бир туугандары, жаныбарлары менен) ;
  • ар кандай, кызыктуу локациядагы (үйдүн короосунда) аткарылган спорттук көнүгүүлөр;
  • Үйрөтүүчү көнүгүүлөр;
  • Ылдамдыкка жана тездикке аткарылган көнүгүүлөр.
  • Интеллектуалдык спорттун түрлөрүнүн көнүгүүлөрү.

Сынактын шарттары:

  • Сынактын катышуучулары фейсбуктагы @UNODC in Central Asia баракчасына жазылышы керек;
  • Видеолорду өздөрүнүн Facebook, Twitter, Instagram баракчаларына #УНПООН #ВливайсявЖизнь #LULU хэштеги менен жайгаштырышы зарыл;
  • Видео жана анын көрүлгөн маалыматын, лайктар басылган баракчанын көчүрмөсүн (скрин) 21-июнга жана 15-июлга чейин budsportivnym@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүүү керек. Ага кошо сынактын номинациясы, видеонун коштолгон үнү, катышуучунун фамилиясы, аты, жашы, байланыш номери ( WhatsApp) жазылышы шарт.

“Мезгил менен катарлаш бол!” сынагы 5-июндан 15-июлга чейин эки этап менен өтөт. Биринчи этап - 5-июндан 21-июнга чейин, экинчи этап – 21-июндан 15-июлга чейин. Эки этаптын жеңүүчүлөрү 30-июлда белгилүү болот. Жеңүүчүлөр топтолгон лайктардын, көрүүлөрдүн саны жана комиссиянын баалоосу боюнча тандалып алынат.

Пикир

Оставить комментарий