• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

MFT Services SA компаниясы “Мегакомду” сатып алууга кызыкдарлыгын билдирди

Экономика 0

Бишкек, 19.03.18. /Кабар/. MFT Services SA компаниясы “Мегакомду” сатып алууга кызыкдарлыгын билдирди. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Фондго арыз келип түштү. Өз кезегинде фонд арызды “Альфа Телеком” ЖЧКна жөнөттү”,-деп айтылат маалыматта.

Фонддун буйругу менен ведомство аралык сынактык комиссия түзүлгөн. Тийиштүү жол-жоболор аяктагандан соң, фонд конкурс тууралуу zakupki.gov.kg расмий мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыялайт.

Пикир

Оставить комментарий