• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

МГИМОго тапшырууну каалаган кыргызстандык абитуриенттердин документтерин кабыл алуу башталат

Билим 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. КР Тышкы иштер министрлиги 2021-2022-окуу жылдарына карата Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна (МГИМО) бакалавриат жана магистратура программалары боюнча Кыргызстандын жарандарынын документтерин кабыл алуу башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.

КР ТИМден билдиришкендей, документтерди кабыл алуу 2021-жылдын 12-апрелинен тартып 14-майына чейин уланат.

“Конкурстук тандоого КР жарандары гана катыша алат. Абитуриент бир окуу багытына гана документтерин тапшыра алат (тиркеме)”, - деп айтылат маалыматта.

МГИМОго КР ТИМ сунуш кылган талапкерлер, Москва шаарына келери менен ЖОЖдун эрежелерине ылайык, орус жана чет тили боюнча тесттен өтүшөт.

МГИМОго конкурстук тандоонун эрежелери менен КР ТИМ сайтынан www.mfa.gov.kg жана КР ТИМнин Дипломатиялык академиясынын сайтынан www.dipacademy.kg таанышууга болот.

Конкурска катышууга каттоо жана документтерди тапшыруу онлайн режиминде КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын сайтында жүргүзүлөт - www.dipacademy.kg

Байланышуу тел: 0(312) 62 15 23, 62 02 83, 66 01 85

БАКАЛАВРИАТ

Факультет

Багыт

ЖРТ

Орундардын саны

1.

Эл аралык мамилелер

Эл аралык мамилелер

Негизги тест, тарых жана англис тил боюнча предметтик ЖРТ тести

2

2.

Эл аралык экономикалык мамилелер

Экономика

Негизги тест, англис тили жана математика боюнча предметтик ЖРТ тести

2

3.

Эл аралык - укуктук

Юриспруденция

Негизги тест, тарых жана англис тили боюнча предметтик ЖРТ тести

1

4.

Эл аралык журналистика

Чет элдик аймак таануу

Негизги тест, тарых жана англис тил боюнча предметтик ЖРТ тести

1

Жалпы

6

МАГИСТРАТУРА

Багыт

Орундардын саны

1

Эл аралык мамилелер

1

2

Юриспруденция

1

Жалпы

2

Пикир

Оставить комментарий