• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Миӊ-Куштагы калдык сактоочу жайда курулуш-монтаждоо жумуштары жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Миӊ-Куш шаарчасындагы калдык сактоочу жайда курулуш-монтаждоо жумуштар жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда радиациялык-коркунучтуу экологиялык кырсыктардын пайда болуусундагы тобокелдигин төмөндөтүү, экологиялык жагдайын жакшыртуу максатында эл аралык бир катар долбоорлор ишке ашырылууда.

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин форматында 2013-жылы “Уран өндүрүшүнүн таасирине кабылган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо” мамлекеттер аралык максаттуу программасын ишке ашыруу башталган. Программаны ишке ашыруу мөөнөтү 2013-2023-жылдар.

2019-жылдын ноябрь айында Кажы-Сай шаарчасындагы калдык сактоочу жайда рекультивациялоо жумуштары аягына чыккан. Азыркы учурда Миӊ-Куш шаарчасында курулуш-монтаждоо жумуштарынын биринчи этабы, башкача айтканда убактылуу имараттарды, технологиялык жолдорду куруу, калдык сактоочу жайды тосмо менен тосуу иш-чаралары аягына чыгууда.

КР өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн Экологиялык реабилитациялоо эсеби боюнча Кыргызстанда операцияларды жүргүзүү жөнүндөгү алкактык макулдашуунун алкагында Миң-Куш шаарчасында уран өндүрүшүнөн калган объектилерди, өндүрүштүк тилкедеги эски имараттарды бузуп, курулуш материалдарынын калдыктарын майдалап жерге көмүү, аянтчаларды тазалоо боюнча рекультивациялоо жумуштары жүргүзүлүүдө.

Бул жумуштар КР ӨКМнин алдындагы Калдык сатоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттиги тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Пикир

Оставить комментарий