• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Миңжылкиевдин элесине: Бишкекке ар кайсы өлкөдөн келген опера искусствосунун жылдыздары чогулат

Маданият 0

Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкиевдин элесине арнап Бишкекке ар кайсы өлкөдөн келген опера искусствосунун жылдыздары чогулат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө коомдук ишмер Ассоль Молдокматова айтып берди.

Концерт эртең, 19-апрелде саат 19:00дө Бишкектеги опера жана балет театрында өтөт. Дресс код - айымдар үчүн узун көйнөк, эркектерге - смокинг.

Анын айтуусунда, аталган долбоор толугу менен опера ырчысы Болот Миңжылкиевдин чыгармачылыгына арналган.

"Менде ар кайсы өлкөнүн солисттерин бириктирүү максатында атайын долбоорду ишке ашыруу идеясы пайда болду. Бир нече жылдан бери опера ырчысы Миңжылкиевдин фестивалын алып барып келем, ошол мезгилден тарта сүйлөшүүлөр башталган. Бир катар өлкөнүн ырчылары катышууга макулдук беришти", - деди Молдокматова.

Алсак, Бишкектеги опера жана балет театрынын сахнасында Азербайжандын эмгек сиңирген артисти Сабина Вахабзаде, Санкт-Петербург шаарындагы Мааринск театрынын солисткасы Юлия Сулейманова, казак опера ырчысы Мадина Оразбайлар ырдашат.

Санкт-Петербургдагы Мааринск театрынын солисткасы Юлия Сулейманова билдиргендей, эртең өз театрынын атынан чыгып, тарыхый сахнада ырдай тургандыгына абдан кубанычта.

Өз кезегинде казак опера ырчысы Мадина Оразбай бул долбоорго катышууга кубануу менен макулдугун бергендигин айтып өттү.

Азербайжандын эмгек сиңирген артисткасы Сабина Вахабзаде эртеңки концертке баардык каалоочуларды чакырып өттү.

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын алдыңкы солисти Алмаз Истамбаев билдиргендей, концерт эл аралык масштабка ээ. "Мындай долбоорлорду уюштуруу абдан оор. Ошондуктан да муну Ассоль Молдокматова өз колуна алды. Бул чоң эмгекти талап кылат", - деп кошумчалады ал.


Пикир

Оставить комментарий