• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мигрант жана ишкерлердин эсебинен "Спутник V" вакцинасын сатып алуу пландалууда

COVID - 19 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Россиядагы кыргыз мигранттары жана ишкерлери Кыргызстан үчүн COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы россиянын "Спутник V" вакцинасын сатып алууну көздөшүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Ал вакцина маселеси боюнча Россиянын саламаттыкты сактоо министри менен эки жолу жолуккан, андан тышкары, президент Садыр Жапаровдун РФ президенти Владимир Путин менен жолугушуусунда россия тарап "Спутник V" вакцинасынын 500 миң дозасын берүүгө макул болгонун билдирди.

“Азыр көптөгөн өлкөлөр "Спутник V" вакцинасынын натыйжалуулугун билип, аны буйрутма кыла башташты. Биз кезекте турабыз. Апрелдин аягында майда же июнда вакцинаны алабыз”, - деди министр.

Мындан тышкары, министр ага кыргыз мигранттары жана ишкерлери кайрылышып, Кыргызстан үчүн "Спутник V" вакцинасын сатып алууга даяр экендиктерин айтышты деп белгиледи.

“Премьер-министр макулдук берди. Биз алардын акчасына россия вакцинасын сатып алууга камынып жатабыз”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий