• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мигранттар үчүн санарип окуу платформасы жана тиркеме иштелип чыгат

Коом 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Мындан ары мигранттар иштеген жерине жана режимине карабай өз квалификация/көндүмдөрүн өнүктүрүүсү жана консультация алып туруусу үчүн санарип окуу модулдары иштелип чыгат. Алардын ыңгайлуулуктары үчүн интерактивдик тиркемелер жана жасалма интеллекттин элементтерин колдонуу менен виртуалдуу менторинг (насаатчылык) системалары иштелип чыгат. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги мейманкалардын биринде өтүп жаткан “Жаш эмгек мигранттарын өнүктүрүүнүн вектору: санариптик көндүмдөр жана финансылык сабаттуулук” аттуу эл аралык конференциянын жүрүшүндө белгилүү болду.

Маалым болгондой, «E-Quality» Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик теңчилик үчүн санариптик билим берүү» долбоорунун алкагында бир катар багыттар боюнча кызматкерлерге КР Улуттук квалификация алкагын эске алуу менен квалификациясын жогорулатуу боюнча документтерди алууга мүмкүндүк берүүчү көндүмдөрдү санариптик баалоо жана сертификациялоо куралдары иштелип чыгат.

Жаңы долбоор үч пилоттук аймак – Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынан чыккан жаш мигранттардын эң аялуу топторунун арасында санариптик жана финансылык сабаттуулукту, ишкердүүлүктү, лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө багытталат. Бул Кыргызстандын Улуттук өнүгүү стратегиясына жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүсүнө өбөлгө түзөт.

Максаттуу топтор: квалификациясы төмөн жаш эмгек мигранттары; формалдуу билим алууга жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар жана жаш аялдар, тышкы миграция процессинин катышуучулары катары жаш мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрү; жаш эмгек мигранттарын колдоо багытында иш алып барган мамлекеттик органдар, ошондой эле, ар кандай типтеги билим берүү уюмдары.

Окутуунун модулдарын жана баалоо материалдарын иштеп чыгуу мамлекеттик органдарды, чет өлкөлүк жана улуттук эксперттерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, эмгек мигранттарынын диаспораларын, билим берүү уюмдарын жана башка кызыкдар тараптарды активдүү тартуу менен түзүлөт.

Кыргызстан калкынын тышкы миграцияга чыгуу процесси бир четинен өлкөнүн экономикалык туруктуулугун камсыз кылуучу, экинчи жагынан республиканын социалдык, маданий жана билим берүү чөйрөсү үчүн кыйынчылыктарды жаратуучу эң маанилүү процесстердин бири болуп саналат.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар долбоордун милдеттерин, иш пландарын жана күтүлүп жаткан натыйжаларды талкуулап, такташты.

«E-Quality социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик теңчилик үчүн санариптик билим берүү» долбоору Европа Биримдиги тарабынан каржыланат. Иштөө мөөнөтү 30 айды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий