• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мигранттардын арасында ишеним кат жазып, балдарын жакындарына таштап кетүү модага айланды

Коом 0

Бишкек, 19.07.18. /Кабар/. Мигранттардын арасында ишеним кат жазып, балдарын жакындарына таштап кетүү модага айланды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Бакыт Тогелдиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө сырткы жана ички миграциянын чоң агымы жүрүп жатат. Көптөр балдарын туугандарына таштап, өлкөдөн чыгып кетип жатышат. Балдарды туугандарга таштап кетүү боюнча атайын соттук процедуралар бар, бирок мигранттар аны аткарышкан жок.

“Мигранттар акыркы учурда сатылып алынган буюм сыяктуу балдарын ишеним кат менен таштап кетишүүдө, бул модага айланып кетти. Бул туура эмес. Мыйзамга ылайык, ата-эне балдарынын жанында 18 жашка чейин болушу керек. Эгер балага зомбулук көрсөтүшсө, аны мыйзамсыз түрдө таштап кеткени үчүн жоопкерчиликти ата-энеси алат”, - деди Тогелдиев.

Пикир

Оставить комментарий