• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мигранттарга “Мекен карталар” таркатылат - Миграция кызматы

Коом 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Кыргызстанда мигранттар үчүн кыргызстандыктардын жарандык укуктарын коргой турган “Мекен карталарын” киргизүү пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов билдирди.

Анын айтымында, бул өзүнүн эффективдүүлүгүн жана пайдалуулугун көрсөткөн Түркиянын тажрыйбасы.

“Мекен карта” мигрант башка өлкөнүн жараны болуп кетсе дагы анын артында Кыргызстандын жаранынын укуктарынын бөлүгүн сактайт. Албетте, белгилүү бир чектөөлөр бар. Мигрант шайлоолорго катышып, Кыргызстандагы мамлекеттик кызматтарга орношо албайт”, - деди Токтоболотов.

Анын маалыматына караганда, чет өлкөлөрдө 800 миң кыргызстандык бар. Алардын көпчүлүгү, болжол менен 600-650 миңи Россияда.

Пикир

Оставить комментарий