• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

«Миграциялык мунапыска» туш келген кыргыз жарандардын тизмеси жарыяланды

Коом 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Марттын аягында Россия Кыргызстандын жарандарына карата «миграциялык мунапыс» жарыяланган. Мунапыска туш келген кыргыз жарандардын тизмеси жарыяланды, деп кабарлады КР Мамлекеттик миграция кызматы.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 22-марты - 22-апрели аралыгында Россиянын аймагында болуу мөөнөтүн бузуу менен жүргөн кыргыз жарандарына, РФ аймагынан чыкпастан, административдик жоопкерчиликке тартылбастан, анын ичинде "кара тизмеге" киргизилбестен өз статусун мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгү берилди.

Ал үчүн, белгиленген убакыттын ичинде Россиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын бардык райондук бөлүмдөрүнө документ менен (ID-карт же жалпы жарандык паспорту менен) кайрылса, ал жерлерде жаңы миграциялык карточка берилет. Андан кийин, Россиянын мыйзамдарында белгиленген тартипте 30 күндүн ичинде миграциялык каттоого туруш керек.

Россиянын миграция мыйзамдарын бузуу менен, РФ аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарына http://ssm.gov.kg/миграционная-амнистия-для-граждан-к/ шилтемеси боюнча же Миграция кызматынан расмий сайтынын "Миграционная амнистия-2019" бөлүмүнө кирип өздөрүн тизмеден текшерүү мүмкүнчүлүк берилет.

Ошону менен бирге, "Россия Федерациясынын аймагынан чыгуу жана кирүү тартиби жөнүндө" №114 Федералдык мыйзамдын 26-беренесинин 4 жана 8-пунктуларына ылайык, РФ аймагына кирүүгө тыюу салынган жарандар КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын расмий сайтындагы төмөнкү шилтеме боюнча өздөрүн текшерип алганга мүмкүнчүлүктөрү бар: http://ssm.gov.kg/миграционная-амнистия-для-граждан-кы/.

Бул категориядагы жарандарга РФ аймагына 2019-жылдын 1-майынан тартып кирүү сунушталат.

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон аркылуу кайрылсаңыздар болот:

Бишкек шаарындагы Маалыматтык-консультациялык борбор:

+996 (312) 64 17 64
+996 (312) 65 02 57

Ош шаарындагы Маалыматтык-консультациялык борбор:

+996 (3222) 2 50 87
Кызуу байланыш – 1899;

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынындагы Элчилигинин кызуу байланыш номери - + 7 925 103 29 11

Ушул “миграциялык мунапыстын” алкагынданегизсиз тоскоолдуктар орун алса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясынындагы өкүлчүлүгүнө төмөнкү дарек боюнча дароо байланышка чыгыңызыдар: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү, 12 “А”, e-mail: pred.migras@mail.ru жана кызуу байланыш номерлери:

+7 (925) 291 72 72;
+7 (495) 780 74 13;
+7 (495) 780 74 12;
+7 (495) 780 74 10.

Урал федералдык округунун телефону:

+7 963 450 55 00;

Сибирь федералдык округунун телефондору:

+7 395 243 67 09;
+7 923 333 07 93;
+7 963 268 72 42

Пикир

Оставить комментарий