• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Миграция Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнүн катализатору – БУУ

Коом 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. Миграция Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнүн катализатору. Бул тууралуу Эл аралык мигранттар күнүнө арналган иш-чарада Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) туруктуу координатору Озонниа Ожиело билдирди.

Анын айтымында, дүйнө жүзү боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеп өлкөсүнөн кеткен 60 млн. мигрант бар.

“Кыргызстандын өкмөтү өлкөдөн кетип жаткан “акылдарды” кантип токтотууну ойлонуштуруп жатат. Жарандар мекенине жаңы билим жана жаңы көз караштар менен кайтып келиши үчүн программалларды ишке ашырыш керек. БУУ 20 жыл аралыгында сиздердин өлкөгө ар кыл долбоорлорду жүзөөгө ашыруу аркылуу көмөктөшүп келет. Мигранттар мекенине акчалай түрдө чоң пайда алып келүүдө”, - деди ал.

Ал билдиргендей, изилдөөлөр боюнча Кыргызстандагы ар бир бешинчи жаран ички мигранттардан болушат. Алардын басымдуу бөлүгү аял кишилер.

“Жашоо шартын жакшыртуу үчүн ички мигранттардын 44%ы борбор калаада турушат”, - деп кошумчалады Ожиело.

Пикир

Оставить комментарий