• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Миграция маселесине басым жасалат. Мамытов баштаган эл өкүлдөрү Россияга барат

Жогорку Кеңеш 1

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегация 21-22-февраль күндөрү Россияга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапар кыргыз парламентинин 7-чакырылышынын депутаттарынан турган делегациянын алгачкы расмий иш сапары болуп эсептелет. Буга чейин Россиянын мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин кесиптеши Талант Мамытовду Россияга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырган.

Эки күндүк иш сапардын жүрүшүндө Мамытов Володин менен жолугушат. Анда парламенттик кызматташтык, ЕАЭБдин алкагындагы бирдиктүү иш аракеттер, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланат.

Миграция маселеси боюнча өз ара кызматташтыкка өзгөчө басым жасалат. Мында Кыргызстандын эмгек мигранттарын түйшөлткөн миграциялык каттоо, административдик чара көрүү маселелери жана жумуш берүүчүлөр тарабынан түзүлүүчү эмгек келишимдери туурасында сөз болот. Мындан тышкары, кыргыз парламентинин төрагасы өзүнүн кесиптеши менен Кыргызстандын жүк ташуучуларынын оорчундуу маселелери боюнча да пикир алышат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегация Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен да жолугушат.

Ошондой эле делегация мүчөлөрү Мамлекеттик Думадагы “Кыргызстан” көргөзмөсү менен таанышып, Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейинде болушат.

Расмий делегациянын курамы:

- Талант Мамытов - Жогорку Кеңештин төрагасы, делегация башчысы;

- Улугбек Ормонов - Жогорку Кеңештин депутаты, “Ишеним” парламенттик фракциясынын лидери;

- Адахан Мадумаров - Жогорку Кеңештин депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери;

- Нуржигит Кадырбеков - Жогорку Кеңештин депутаты, “Ыйман нуру” парламенттик фракциясынын лидери;

- Мажитова Шарапаткан - Жогорку Кеңештин депутаты;

- Чыңгыз Айдарбеков - Жогорку Кеңештин депутаты;

- Мирлан Самыйкожо - Жогорку Кеңештин депутаты;

- Элдар Сулайманов - Жогорку Кеңештин депутаты.

Пикир

  • уланбек

    уланбек 2 years ago

    Миграция боюнча маселени чечиңиздер .

Оставить комментарий