• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Якутия: миграциялык мыйзамды бузганы үчүн 8 кыргызстандык депортацияланат

Коом 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. Якутск шаарында миграциялык мыйзамды бузган сегиз кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрлик билдиргендей, ал жарандарды соттун чечиминен кийин мекенине кайтаруу каралууда. Белгилей кетсек, жеңил эреже бузгандар айып пул төлөп бошотулса, одоно мыйзам бузгандар мекенине кайтарылмакчы.

Эскерте кетсек, кыргызстандык Якутск шаарынын тургунун зордуктоого шектелгенден кийин ал жактагы мигранттарды текшерүү күчөгөн.

Пикир

Оставить комментарий