• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

МИК: 2020-жылга чейин “Жеткиликтүү турак жай” программасынын алкагында 8 миң үй-бүлөгө ипотека берүү пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 09.04.19. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компаниясы (МИК) 2020-жылга чейин “Жеткиликтүү турак жай” программасынын алкагында 8 миң үй-бүлөгө ипотекалык насыя берүүнү пландоодо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев кабарлады.

Ал билдиргендей, бул жылы өкмөт 500 млн.сом бөлүп берген. Бирок, Шамкеевдин айтуусу боюнча, бул сумманы 1,5-2 млрд. сомго чейин жеткирүү тууралуу тапшырма коюлган.

“Биз учурда кошумча каражат булактарын издөөдөбүз. Өкмөт тарабынан 2015-жылдан тарта 3,8 млрд.сом бөлүнгөн”, - деди ал.

Бактыбек Шамкеевдин айтуусу боюнча, учурда МИК ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу үстүндө иш алып барууда.

“Биз баалуу кагаздар жогору ликвиддүүлүгүн таануу үстүндө иш алып баруудабыз. Ошондой эле, кийин сатып ала турган үйлөрдү куруу боюнча пилоттук режимде долбоор ишке кирүүдө”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий