• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

МИК 3 миң 474 үй-бүлөгө 3,8 миллиард сомго үй сатып алууга жардам берди

Экономика 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. “Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” программасы боюнча 3 миң 474 үй-бүлө 3 миллиард 81 миллион сомго турак-жай менен камсыз болду. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сатуу жана долбоорлорду иштеп чыгуу бөлүмүнүн адиси Амантур Өмүров билдирди.

Маалыматка караганда, 2016-жылы 701 үй-бүлө 823 миллион сомго, 2017-жылы 1 миң 735 үй-бүлө 1 миллиард 861 миллион сомго, 2018-жылдын 9 айында 1 миң 38 үй бүлө 1 миллиард 12 миллион сомго турак-жай алышкан.

“2018-жылдын башынан бери программага катышуу үчүн 12 миң 99 жаран кайрылган. Учурда тизмеде 6 миң 293 жаран бар”, - деди Өмүров.

Компаниянын маалыматына караганда, Бишкекте 1 миң 55 үй-бүлө 1 миллион 774 миң сомго үй куруу же батир сатып алуу мүмкүнчүлүгүн алган. Ош облусунда 511 үй-бүлө 200 миллион сомго, Караколдо 264 үй-бүлө 214 миллион сомго, Таласта 60 үй-бүлө 39 миллион сомго, Жалал-Абадда 458 үй-бүлө 319 миллион сомго, Нарында 131 үй-бүлө 112 миллион сомго, Баткенде 57 үй-бүлө 53 миллион сомго үй алышкан.

Пикир

Оставить комментарий