• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«МИК» ААК кадимки режимде ипотека берүүсүн улантууда

Өкмөт 0

Бишкек, 05.12.17 /Кабар/. «Мамлекеттик ипотекалык компания» (МИК) ААК ипотекалык насыя берүү боюнча арыздарды кабыл алууда. Ипотекалык насыя алуучулардын тизмесин даярдоо процедурасы адаттагыдай уланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын төрагасы Бактыбек Шамкеев билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Анын айтымында, МИК ААК тарабынан ушул жылга 1 миллиард сомдун тегегинде насыя берүү пландалган.

«Бирок быйылкы жылы насыя берүү темпи абдан жогору болду. Эгерде мурда айына биз 50-60 млн сом берсек, акыркы айлары ал 200 млн сомго чейин өсүп, бизде кичине ликвиддүүлүк ажырым пайда болду. Ага байланыштуу быйылкы жылга кошумча дагы 300 млн сомдун тегерегинде каражат бөлүү маселеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына кайрылдык», — деп белгиледи Бактыбек Шамкеев.

«МИК» төрагасы белгилегендей, бүгүнкү күндө абал турукташтырылып, каржылоо боюнча суроо чечилди. Жогорку Кенештин депутаттары Өкмөттүн «Арзан турак жай –2015-2020» программасын ишке ашыруу үчүн ушул жылга кошумча дагы 300 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүү сунушун жактырып беришти.

Андан тышкары, Бактыбек Шамкеев быйыл «Арзан турак жай –2015-2020» програмасы аркылуу ипотекалык насыя алууну каалагандардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу абдан көп экенин белгиледи.

«Эгерде биз былтыр 800 млн сомдун тегерегинде ипотекалык насыя берсек, быйыл Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан бөлүнгөн 1 млдр 150 млн сомдун тегегинде насыя бердик». —деди ал.

Белгилей кетсек, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен 2015-жылдын 15-июнунда түзүлгөн. Бугүнкү күндө компания 2 млрд 536 млн 370 миң сомдун тегерегинде ипотекага 2 миң 293 насыя берди.

Пикир

Оставить комментарий