• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

МИК баштапкы капиталын жарым миллиард сомго толуктады

Экономика 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компания жөнөкөй акцияларды сатуу аркылуу өзүнүн баштапкы капиталын 500 млн сомго көбөйттү. Ири бүтүм тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Бүгүн МИК баалуу кагаздардын 5 миң нускасын сатты. Ар биринин баасы 100 миң сомду түздү.

Эске салсак, февраль айынын башында Финансы министрлиги уставдык капиталды көбөйтүү үчүн МИКке 500 млн сом бөлөрү белгилүү болгон. Бул жүгүртүүдөгү жөнөкөй акцияларды көбөйтүү жолу менен ишке ашыруу пландаштырылган. План бүгүн ишке ашты. МИКтин уставдык капиталы учурда 11 млрд 239,5 млн сомду, жүгүртүүдөгү акцияларынын саны 112 миң 395 даананы түзөт.

2022-жылы министрлер кабинети МИКке 3,8 млрд сом бөлүп, андан кийин анын уставдык капиталы 10,7 млрд сомду түзгөнүн кошумчалайбыз.

Пикир

Оставить комментарий