• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

МИК мурда берилген ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсы мурда берилген ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүдө. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, МИК «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» турак жай программасынын жылдык пайыздык ченин төмөндөтүү боюнча чечим кабыл алды.

Жылдык пайыздык чен этап-этабы менен төмөндөтүлөт, ал үчүн МИК ААКтын Өнөктөш банктар аркылуу ипотекалык насыя алуучулары:

• мөөнөтү өткөн карыздарды жабуу,

• мөөнөтү өтүп кеткен камсыздандыруу полистерин жаңыртуу,

• Банк менен карыз алуучунун ортосундагы учурдагы келишимдерге тиешелүү кошумча келишимдерди түзүү керек.

Толук маалымат алуу үчүн банктын кураторуна кайрылуу керек. Пайыздык чендерди төмөндөтүү боюнча шарттары биздин расмий порталыбызда жарыяланган

Пикир

Оставить комментарий