• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

МИК: Мындан ары баардык арыздар берилген датасын эске алуу менен каралат

Коом 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Мындан ары баардык арыздар берилген датасын эске алуу менен каралат, - деп кабарлайт Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) басма сөз кызматы.

«Жакында МИК жеңилдетилген ипотека насыясын каржылоо үчүн Каржы министрлиги тарабынан 200 млн сом өлчөмүндөгү траншын алды. Ушуга байланыштуу, айрым жарандар тарабынан, айрыкча мамлекеттик кызматкерлер тарабынан, МИК кызматкерлерине жакында эле арыздарын беришкенине карабастан кысым көрсөтүшүп, аларга тез арада насыя берилүүсүн талап кылышууда. Ошол эле учурда 700гө жакын жарандар жеңилдетилген ипотека насыясын алууну 2 жылдан ашык убакыттан бери күтүүдө. Учурда арыздарды электрондук түрдө киргизүү, ошондой эле мурда берилген кагаз түрүндөгү арыздардын автоматташтырылган маалымат тутумунун маалымат базасына көчүрүүнүн алкагында, мындан ары баардык анкеталар арыз берилген датасын эске алуу менен каралат» , - деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарды бул өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий