• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Михаил Горбачев III Эл аралык Ысык-Көл форумунун катышуучуларына кайрылуу жолдоду

Коом 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Мурдагы СССРдин экс-президенти Михаил Горбачев III Эл аралык Ысык-Көл форумунун катышуучуларына кайрылуу жолдоду.

"Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленип жаткан жылы башталган III Эл аралык Ысык-Көл форумунун катышуучуларына салам жолдойм. Бул дата планетанын ар кайсы бурчтарында да белгиленерине ишенем. Анткени Чынгыз Төрөкулович өзүнүн китептери менен дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдардын сүймөнчүгүнө айланган. Кеменгер жазуучу өз талантын элге арнаган. Анын чыгармач ылыгы жана бүт ишмердиги адамды урматтоо, адамдардын болочогу үчүн тынчсыздануу менен өтмө катар болчу. Мына ушул Чынгыз Төрөкуловичти 1986-жылы Чыгыш менен Батыштын көрүнүктүү интеллектуалдарынын — жазуучулардын, сүрөтчүлөрдүн, окумуштуулардын, коомдук ишмерлердин форумун чакыруу идеясын көтөрүп чыгууга алып келди. Бул дүйнөдө „кансыз согушту“ токтотуу үчүн алгачкы аракеттер башталган кездеги маданияттардын диалогунун жана цивилизациялардын жакындашуусунун башталышы болгон. Сиздердин форум 1986-жылы Чынгыз Айтматов жана анын кесиптештери баштаган салтты улунтат деп үмүттөнөм", — деп белгиленет Михаил Горбачевдун кайрылуусунда.

Пикир

Оставить комментарий