• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Михаил Мясникович ЕАЭК коллегиясынын жаңы төрагасы болот

ЕАЭБ 0

Алматы, 31.01.20. /Кабар/. Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагалыгына Михаил Мясникович келет. Бул тууралуу Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумунун жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйында Беларус премьер-министри Сергей Румас билдирди.

Ал белгилегендей, Мясникович эртең, 1-фервалдан тарта төрагалык кызматка киришет.

"Биримдиктин жаңы беш жылдыгына өтүп жатып толук кандуу экономикалык биримдиктин түзүү ишинде чоң ийгиликтерге жетерибизге үмүт артабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий