• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

МИКке өткөрүп берилген Садыр Жапаровдун үйү 28 млн 50 миң сомго сатылды - каражат кайда жумшалат?

Коом 0

Бишкек, 10.05.22 /Кабар/. «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын балансына кайтарымсыз негизде өткөрүп берилген президент Садыр Жапаровдун Бишкек шаарындагы үйү апрель айынын аягында сатылды. Бул тууралуу агенттикке аталган компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, келишим 28 млн 50 миң сомду түзгөн, сатып алуучу тарап атын атагысы келген эмес.

«Каражат МИКтин турак жай фондун жакшыртууга жумшалат. Даяр батирлерди сатып алуу пландаштырылууда, жарандар кийин аларды ижарага алуу менен сатып ала алышат», - деп айтылат компаниянын маалыматында.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 30-сентябрында Садыр Жапаров мурда өзү жашаган Бишкектеги үйүн кайтарымсыз негизде МИКтин балансына өткөрүп берген.

Пикир

Оставить комментарий