• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Микробдорду "качырат": Колду самындап жууп туруунун оң таасири көрсөтүлгөн видео

COVID - 19 0


Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Флориданын Майами шаарындагы бала бакчанын тарбиялоочусу Аманда Лоренцо балдарга колду самын менен жуунун эмнеге пайдалуу экенин көрсөтүп берген. Бул тууралуу видеону Facebook баракчасына Популярная механика киргизген.

Тарбиячы суу куюлган идишке кара мурчту себип, сөөмөйдү сууга салганда колго мурчтар жармашып калганын көрсөткөн. Кийин самын сууга манжасын тийгизип кайра ошол аракетти кылганда кара мурчтар чет жакка тараган.

Дүйнөгө тараган коронавирустан улам колду бат-баттан самындап жууп туруу керектигин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий