• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

МИКтин алдында кошумча мекеме түзүү пландалууда – Шамкеев

Экономика 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компаниясы кошумча “Турак жай-сактык кредиттик компаниясын” түзүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев кабарлады.

Анын айтуусунда, 2019-жылы МИК 1,5 млрд. сомго ипотека берүүнү пландоодо. Бул кредиттер Герман өнүктүрүү банкы бере турчу жана ипотекалык баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен берилет.

“Ошондой эле компания Нарын жана Бишкектеги пилоттук көп батирлүү үйлөрдүн курулушун бүтүрүүнү пландаган. МИК “Жеткиликтүү ипотека” программасын ишке ашыруу үчүн баалуу кагаздарды чыгарууну улантат. Аткени бүгүнкү күндө МИК бир гана жеңилдетилген ипотеканы берип келет. Ал эми баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн каражатка “Жеткиликтүү турак жай” программасын улантабыз. Ошондой эле мыйзам уруксат берген кошумча “Турак жай-сактык кредиттик компаниясын” түзүп, келишимдик турак жай сактоо системасын ишке киргизүүнү пландаштыруудабыз”, - дейт Шамкеев.

Пикир

Оставить комментарий