• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Милиция дайынсыз жоголгон 37 жаштагы Максатбек Эдилбаевди издөөдө

Коом 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1983-жылы туулган Максатбек Эдилбаевге издөө салат. Ал 2020-жылдын 30-майында Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы Дружба көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 160 см, орто дене түзүлүштө, чачы кыска алынган, сары түстө, көзү күрөң.

Кийимдери: үстүндө ак түстөгү футболка, кара түстөгү чолок шым, башында ак түстөгү жайкы баш кийим.

Өзгөчө белгилери: 1-топтогу майып.

«Максатбек Эдилбаевдин кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Сокулук райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86, 0708 89 13 14 (издөө тобу)”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий