• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Милиция 5-апрелден баштап күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда

Коом 0

Бишкек, 10.04.21. /Кабар/. Эртең, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдум өткөрүүгө байланыштуу Ички иштер министрлиги алдыда өтө турган окуянын маанилүүлүгүн эске алуу менен шайлоону өткөрүү жана даярдануу маалында коомдук тартипти жана коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздоого багытталган бир катар чараларды көрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагында Кыргыз Республикасынын аймагында коомчулукту тынчсыздандырган жалган маалыматтарды аныктоо үчүн күнү-түнү мониторинг жүргүзүүдө.

Коомдук тартипти жана коопсуздукту бузуу үчүн коркунучтарды алып келген жалган маалыматтарды тараткандарга жана коомдук тарнтипти бузгандарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт.

Ушуга байланыштуу ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, айрым адамдар тарабынан социалдык тармактарда тараткан чагымчыл маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.

Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына “102” кызматы аркылуу маалымдап коюңуздарды суранат. КРнын мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Пикир

Оставить комментарий