• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Милиция айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен BMW`ны табууга күбөлөрдөн жардам сурайт

Кырсык 0

Бишкек. 11.10.18 /Кабар/. Милиция кызматкерлери айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен BMW`ны табууга күбөлөрдөн жардам сурайт

10-октябрда саат 20:40тар чамасында Медеров көчөсүндөгү “Garden” мейманканасынын бет маңдайында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктө унаа европа улутундагы, болжол менен 45-50 жаштагы аялды сүзүп кеткен. Ал алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болгон.

Болжол менен БМВ үлгүсүндөгү, асфальт түстүү унаанын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен.

Инспекторлор унаа жана айдоочу тууралуу маалыматы бар жол кырсыгынын күбөлөрүн 0705974777 0555974777 (күнү-түнү) номерлери аркылуу байланышка чыгууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий