• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Милиция Ак үйдүн жанында түкүргөн жаранды кармады

Коом 0

Бишкек, 08.01.19. /Кабар/. Милиция кызматкерлери Ак үйдүн жанында түкүргөн жаранды кармады.

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, КРнын Бузуулар тууралуу кодексинин 71-беренесинин 1-бөлүгүн бузган (“таштандыны атайын каралган жерлерден башка жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүрүү”) 1992-жылы туулган З.Р., аттуу жаран Биринчи май райондук администрациясына алынып келинген.

Эми ал 5 миң 500 сом айып пул төлөп бермекчи.

Милиция белгилегендей, ал социалдык тармактарда видео кайрылуу жасап, анда көрүнгөндөй Ак үй тарапка түкүргөн.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда “Бузуулар тууралуу” Кодекс күчүнө кирген. Анын 71-беренесине ылайык “белгиленбеген жерге таштанды ыргытып жана түкүргөндөр” айып пулга жыгылат.

Пикир

Оставить комментарий