• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Милиция “Ак -Тилек” бекетиндеги жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Аймак 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери дем алыш күндөрү “Ак-Тилек” өткөрүү бекетиндеги тыгындан улам кезек күтүп жаткан жүк ташуучу унаалардын айдоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери айдоочуларды коомдук тартипти сактоого чакырып, эреже бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Мындан тышкары, уурулуктун алдын алуу максатында милиция кызматкерлери тарабынан алардын мүлктөрүн көзөмөлгө алуу боюнча да жардам берилери айтылды.

Түшүндүрүү иштери айдоочулар менен башка адамдардын ортосундагы чыр-чатактын алдын алуу максатында тынымсыз жүргүзүлүп турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий