• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аксыда милиция сел алган аймакта коомдук тартипти сактоо менен бирге жарандарга жардам көрсөтүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 12-июль күнү саат болжол менен 19:00дөр чамасында Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагы менен Ак-Жол айыл аймагын бириктирип турган Танды-Булак жайлоосуна жааган жамгырдан улам катуу сел жүрүп, натыйжада 8 адамды агызып кеткендиги боюнча Аксы РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө жергиликтүү тургундардан маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгы Аксы райондук ички иштер башкармалыгынын МЭЖна катталган.

Жогоруда алынган маалымат боюнча окуя болгон жерге Аксы РИИБдин жетекчилиги өздүк курам менен барган. Ошондой эле КРнын министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Ашим Тагаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник А.Закиров тиешелүү кызматкерлери жана атайын техникалар менен окуя болгон аймакка барышып, учурда жеринде иш алып барышууда.

“Азыркы учурга 6 адамдын жансыз денеси табылып, өздүктөрү такталган. Ал эми калган 2 жаранды издөө иштери улантылууда. Ошондой эле издөө иштерине Жалал-Абад ОИИБдин Кинология борборунун атайын кызматтык иттери менен тиешелүү кызматкерлер кошумча күч катары тартылган”,-деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон учурдан тартып Аксы РИИБдин өздүк курамы сел алган аймакта кызмат өтөшүп, коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иштешип, жабыр тарткан жарандарга жакындан жардам көрсөтүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий