• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Милиция ата-энелерден балдарын терезеси ачык бөлмөгө таштабоону суранат

Коом 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Ички иштер министрлиги ата-энелерден жана карап жаткандардан балдарды терезеси ачык бөлмөгө таштабоону суранат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМден билдиргендей, жылуу мезгил келгендигине байланыштуу бары терезелерди ачып коюшууда, бирок бул балдар үчүн өтө кооптуу.

“Жыл сайын жайында көп кабаттуу үйлөрдүн терезелеринин ачык болушунан балдар кулап кеткен каргашалуу окуялар кездешет. Коопсуздук чараларын сактоо кырсыкты алдын алат. Көп учурда кичинекей балдар чоңдордун көзөмөлү жок учурда терезелерден кулап кетүүдө. Ошондуктан өзгөчө терезе тарапта ойноп жатканда балдарды кароосуз таштабагыла. Терезеге коюлган торлор дагы кырсыкты алдын ала албайт.

Урматтуу ата-энелер жана балдарды карап жаткан жарандар, балдарыңыздар ар дайым сиздердин көзөмөлүңүздөрдө болушу кажет”,-деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий