• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Милиция ата-энелерден жаш балдарды кароосуз калтырбоону суранат

Коом 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери ата-энелерге жаш балдарды көзөмөлдөөнү суранат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында 27 жашы жете элек өспүрүмдөр табылган.

Аларга адашып же жоголуп кетүү фактысы менен “102” линиясы боюнча чакыруулар келип түшүп, баары милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан табылып, ата-энесине жана жакын туугандарына сак-саламат жеткирилип берилген.

“Бул кайгуул кызматкерлеринин көмөгү менен табылган өспүрүмдөр кана. Башка райондук милиция бөлүмдөрү аркылуу табылган өспүрүмдөр да көп кездешүүдө. Көпчүлүк өспүрүмдөр үйүнөн ойноп чыгып, же ата-энелери менен сода-сатык жайларга бирге барып, андан ары адашып калган фактылар көбүрөөк катталууда. Андыктан Милициянын кайгуул кызматы ата-энелерге жана жаш балдарды караган улуу муундарга өспүрүмдөрдү кароосуз калтырбоого, мектептен же бала бакчадан чыгуу учурунда коштоп келип-кетүүсүн жана жашаган дарегине жакын жайларды жаттап калуу багытында түшүндүрүү иштерин күчөтүүсүн суранат”,-деп айтылат милициянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий