• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Милиция бөлүмүндө бычакталган кыз: Жайыл райондук ИИБ кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.06.18. /Кабар/. Никеге туруу үчүн уурдалган кызды милициянын бөлүмүндө өлтүргөн баланын окуясына байланыштуу Жайыл райондук ИИБ кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Ишти УКМК иликтейт.

Ал эми кыздын өлүмү боюнча ишти Жайыл райондук Тергөө бөлүмү иликтейт. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Ошондой эле Жайыл райондук ИИБ кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө, иш ИИМ башчысы К.Жунушалиевдин жеке көзөмөлүндө болот.

КР ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан дыкат иликтөө жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгында ар бир милиция кызматкеринин жана алардын жетекчилеринин кыймыл аракеттерине баа берилет.

Эске сала кетсек, жаш жигиттин кызды ала качып, баш кошуу үчүн кылган аракети өкүнүч менен аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий