• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Милиция баланы тепкен адамды кармады - ШИИБ

Коом 0

Бишкек, 02.12.17 /Кабар/. Милиция баланы тепкен адамды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ басма сөз кызматынын жетекчиси Адыл Оморов билдирди.

Анын айтымында, шаардык милиция кызматкерлери токтоосуз чара көрүшүп, бул окуяны каттап, ыкчам-издөө чараларынын жүрүшүндө Октябрь райондук ИИБ тарабынан видеодогу жаран кармалган. Ал башкармалыкка алынып келинди.

ШИИБден белгилешкендей, учурда териштирүү жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, бүгүн социалдык тармактардын кыргыз сегментинде эркек адам жерде жаткан баланы тепкен видео жайылган. Видео Instagram тармагында omsk_video баракчасында жарыяланган.
Анда окуя бүгүн Бишкектин "Улан-2" кичи районунда болгону, "күбө белгисиз адам өз (көрүнүп тургандай) баласын ичке тээп тургузууну каалаганы" айтылат.

Видеодо бала көмкөрөсүнөн жерде жатканын эркек адам карап турганын көрүүгө болот. Бала турууга аракет кылып, кайра жыгылып калат. Бир аздан соң тиги адам басып келип, баланы ичке бир тебет. Анан баланы жулкуп тургузуп, алып жөнөйт.

Бул адамдын аракеттерин соцтармак колдонуучулары кескин сынга алып, видеону тиешелүү мамлекеттик органдарга чара көрүү үчүн жөнөтүүнү талап кылышкан.

Пикир

Оставить комментарий