• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Милиция Бишкекте экстремист делгендерди издөөдө

Укук тартиби 0

БИШКЕК, 24.08.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте 23-августтан 24нө караган түнү Ауэзов көчөсүндө минивендеги 4 эркек патрулдук милицияны коркутуп, биринин башына пистолет такаган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул окуя түнкү 1:20 чамасында Ауэзов көчөсүндө темир жол өтмөгүнө жакын жерде болгон.

“Патрулдук милиция Nissan Presage унаасын айдоочунун документин текшерүү үчүн токтоткон. Унаанын салонунда төрт эркек болгон. Текшерүү учурунда арткы орундукта отурган жүргүнчү терезеден милиционердин башына пистолет такаган. Патрулдук милиция алардын жолун торогон. Ошол тапта жүргүнчүлөрдүн бири граната алып чыгып, аны жерге ыргытып жиберген. Ал жардырып жиберем деп коркуткан. Ошондо алар жол бошотуп берип, минивендегилер жүрүп кетишкен”, -дешти ШИИБден.

Патрулдук милиция шектүүлөрдүн артынан жүрүп, алар качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Документ текшерген инспектордун колунда айдоочусунун күбөлүгү калган. Милициянын маалыматында унаа ээсинин дареги такталган. Ал жерге барышса, эчи ким жок болуп чыккан.

S 8191 AG мамлекеттик номерлүү унаа бүгүн эртең менен “Көк-Жар” конушунун Кулмырзаев көчөсүнөн табылган. Унаанын бир терезеси сындырылган. Саперлор жардыргыч заттарды табышкан эмес. Салондо экстремисттик мүнөздөгү китептер жана уюлдук телефон табылган.

Бул шектүүлөр террордук топтун мүчөлөрү болушу мүмкүн экени айтылууда. Учурда тергөө жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий