• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Милиция: Бишкекте тыюуга карабастан митинг өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында тыюуга карабастан тынчтык митингин өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11-июль күнү Бишкек шаарынын мэриясына жана Бишкек милициясына 13-июль күнү Ала-Тоо аянтында тынчтык митингин өткөрүү жөнүндө кайрылуу менен Т.А. аттуу жаран кайрылган. Ошол эле күнү Бишкек мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысынын Биринчи май району боюнча орун басары А.Малдыбаев тарабынан кайрылган жаранга кабарлама жөнөтүлгөн. Анда Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын буйругуна ылайык, 2020-жылдын 12-май күнүнөн баштап спорттук, коомдук жана башка иш-чараларды өткөрүү Бишкек шаарынын аймагында убактылуу токтотулганы айтылган.

Андан сырткары, коронавирус илдетине байланышкан Бишкек шаарындагы өзгөчө кырдаал режимин эске алуу менен КРнын “Тынчтык митингин өткөрүү жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаалдын жакшырышына чейин жогорудагы иш-чарасын өткөрүү убактысын өзгөртүү сунушталган.

Ошондой эле “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” мыйзамында жугуштуу оорулардын пайда болуу жана жайылуу коркунучу бар учурда чектөө иш-чаралары (карантин), анын ичинде массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.

“Тыюу салууга жана кабарлама алгандыгына карабастан, 25-30 тегерегиндеги белгисиз адамдар 2020-жылдын 13-июлунда болжол менен саат 11:20 чамасында Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтынын ар кайсы бөлүгүндө чогулушкан. Буга байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана “Тынчтык митинги жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузууну болтурбоо боюнча алдын алуу иш-чараларын өткөрүү үчүн топтолгондордун ичинен Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге төмөнкү жарандар жеткирилди: 1999-жылы туулган С.Ж., 1993-жылы туулган Р.А., 1997-жылы туулган Ж.А., 1998-жылы туулган Ж.Н., 2003-жылы туулган Н.Б., 1991-жылы туулган З.А., 1998-жылы туулган Ж.А., 1990-жылы туулган Т.К.”, - деп айтылат маалыматта.

Баардыгы Бишкек шаарынын тургуну болушат. Жогорудагы көрсөтүлгөн бардык жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң коё берилди.

Пикир

Оставить комментарий