• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Милиция Бишкектеги митингчилерди кубалап, айрымдарын кармап кетти

Коом 0

Бишкек, 17.01.19. /Кабар/. Бишкектин Ала-Тоо аянтында митингге катышкандардын айрымдары жол тоскондугу үчүн кармалган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев билдирди.

Анын айтуусунда, учурда чогулгандарды кубалап салышкан. Санкцияларга жараша, тынчтык митингин өткөрүүгө уруксат саат 10:00дөн 13:00гө чейин берилген.

“Бир нече адам жол тоскондугу үчүн кармалган. Сөзгө келбегендердин айрымдары да кармалды. Учурда абал тынч”, - дейт Атантаев.

Эске сала кетсек, бүгүн Ала-Тоо аянтында мыйзамсыз жүргөн Кытайдын жарандарына каршы митинг уюштурулган. Митингге келгендер кыргыз жарандыгын этникалык кыргыздардан башкасына берүүгө мораторий киргизүүнү талап кылышкан.

сүрөт Роман Гайнановдуку

Пикир

Оставить комментарий