• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Милиция Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында ок аткан жаранды издөөдө

Укук тартиби 0


Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Милиция Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы митинг учурунда ок аткан белгисиз жаранды издөөдө.

Бишкек шаардык милиция билдиргендей, Кылмыш кодексинин 264-беренеси (массалык башаламандыктар) боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында "Ала-Тоо" аянтында белгисиз тапанчадан ок аткан азиат түспөлүндөгү белгисиз жарандын өздүгүн жана каякта экендигин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

"Массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда жарыяланган видеодогу жарандын каякта болгондугу тууралуу маалымат болсо, (жакын жерде болгон) милиция кызматкерлерине жана 102 номерине кабар берүүнү суранабыз", - деп билдирет шаардык милиция.

Бүгүн Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында митингчилердин ортосунда чыр орун алды.

Садыр Жапаровду колдогон митингге катышкандардын тобу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун тарапташтарына таш ыргыткан. Мындан улам алар чегинишкен. Ошол учурда Атамбаев кетип жаткан унаага белгисиз адам ок аткан.

Пикир

Оставить комментарий