• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Милиция Бишкектин борборундагы мушташты иликтей баштады

Коом 0


Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Милиция Бишкектин борборундагы мушташты иликтей баштады. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-мартта милицияга Д.А. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү 03:30дар чамасында Бишкек шаарынын Элебесов көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринде белгисиз адамдар анын денесине залал келтиргенин билдирген.

Жабырлануучу Улуттук госпиталга "мээнин жабык жаракаты" диагнозу менен кайрылган.

Аталган факты райондук милицияга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Азыркы учурда аталган жаңжалдын бардык катышуучулары аныкталып, тергөө амалдары уланууда.

Социалдык тармактарда 11-марттан 12-мартка караган түнү күзөт агенттигине мушташ тууралуу чакыруу түшкөнү боюнча маалымат тарады.

Ага ылайык, ыкчам топ окуя болгон "Золотой дракон" ресторанына барганда 10дон ашык адамдар арасында мушташ болгону аныкталган. Учурда алардын бири оор абалда ооруканага жаткырылган.

Ошол эле учурда бир катар ЖМКлар мушташкандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировго окшош экенин жазышты.

Пикир

Оставить комментарий