• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Милиция Чүй облусунда куралчан 4 адамды издеп жатат

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.09.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Чүй облусунун Панфилов районунун ИИБси куралчан төрт адамды издөөнү улантууда.

“Кабар” агенттигине Чүй ОИИББнен кабарлашкандай, 12-сентябрда милицияга 1989-жылкы Ш.Р., аттуу жаран кайрылып, аны куралчан адамдар коркуткандыгын айткан.

“Ш.Р., аттуу жаранга 4 адамдын бирөө келип, биз каалаган жерге жеткирип кой деген. Айдоочу бензин жок деп жооп бергенде, аны уруп жиберген. Натыйжада кол салгандар унааны текшерип көрүшкөн. Айдоочунун сөзү калп эмес экенинен ынанган төртөө жөө басып кетишкен”,-деп айтылат маалыматта.

Арыз жазган адамдын айтуусуна караганда, алар төртөө болчу, бардыгы азиат түспөлүндө болжол менен 35-45 жаштагы адамдар. Анын айтуусуна караганда, алардын сумкасынын ичинде курал болгон.

Учурда куралчан адамдардын издөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий