• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чолпон-Атада ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынында миңден ашык милиция коопсуздукту камсыздоодо

Аймак 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Милиция кызматкерлери Чолпон-Ата шаарында өтүүчү ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынында коопсуздукту камсыздоодо. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйындын катышуучуларынын жана анын меймандарынын коопсуздугун камсыз кылууга Ысык-Көл облусунун ички иштер органдарынын бардык күч-каражаттары, андан тышкары республиканын башка аймактарынан дагы кошумча күчтөр тартылган

Жыйындын иши ийгиликтүү өтүшү үчүн, ошону менен бирге курорттук шаардын жана ага жакын калктуу пунктардын тургундарына, эс алуучуларына ыӊгайсыздыктарды жаратпоо максатында башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен бирдикте бардык иш-аракеттер колго алынган.

Негизинен Чолпон-Ата шаарында өтө турчу саммиттин жүрүшүндө коомдук коопсуздукту миңден ашык укук коргоо органдарынын кызматкерлери сакташат.

Көрүлүп жаткан аракеттер – расмий делегациялардын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу менен бирге, шаардын ичинде, анын көчөлөрүндө укук тартибин сактоого багытталган. Ошол эле учурда жарандарыбыздын күнүмдүк турмушунун ритми сакталып, алардын укуктарына чектөөлөргө жол берилбейт.

Мекеменин маалыматы боюнча, милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгү жергиликтүү тургундарынын жана эс алуучулардын күнүмдүк жашоосуна таасир кылбайт. "Болгону Тамчы айылынан баштап Чолпон-Ата шаарына чейинки негизги автожолунда транспорттордун жүрүшүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Ал эми Чолпон-Ата шаарынан өтүүчү негизги автожолунда тыгын орун албаш үчүн коомдук оор жүк ташуучу транспортторго атайын айланма жолдор иштелип чыккан. Жол коопсуздугунун кызматкерлери айдоочуларга максималдуу түрдө жардам көрсөтүшүп, жол тыгынына учурабаш үчүн өздөрүнүн сунуштарын жана кеӊештерин берип турушат",-деп айтылат маалыматта.

Коопсуздук боюнча көрүлүп жаткан аракеттер күчөтүлгөн тартипте иштейт жана милиция кызматкерлеринин өзгөчө көӊүлүндө болот.

Эскерте кетсек, 19-20-августта Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны өтөт.

Пикир

Оставить комментарий