• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Милиция дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Гүлсүнай Толкуновага издөө салат

Коом 0

Бишкек, 16.01.21. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 2004-жылы туулган Толкунова Гүлсүнай Толкуновнага издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2020-жылдын 20-декабрында Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы Шевченко көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 160-165 см, арыкчырай дене түзүлүштө, чачы узун, кара түстө, кой көз.

Кийимдери: үстүндө жашыл түстөгү күрмө, кара түстөгү джинсы шым, кара түстөгү спорттук бут кийим.

«Гүлсүнай Толкунованын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Сокулук райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү 0(312) 60-75-67, 0-3134 5-33-80, 0(558) 86-14-86, 0(709) 35-35-29.”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий