• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Милиция дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Милана Койчумановага издөө салат

Коом 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 2002-жылы туулган Милана Койчумановага издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2020-жылдын 4-августтунда Үмүт конушундагы жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 165-170 см, арыкчырай дене түзүлүштө, чачы узун, кара түстө.

Кийимдери: үстүндө ак түстөгү футболка, көк түстөгү джинсы шым, ак түстөгү спорттук бут кийим.

Өзгөчө белгилери: тишинде брекеттери бар.

«Милана Койчуманованын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Аламүдүн райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү 0(312) 36-35-27, 0(312) 36-35-23, 0(999) 21-07-09, 0(709) 21-18-08, 0(550) 34-33-63, 0(778) 00-09-99”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий