• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Милиция дайынсыз жоголгон 25 жаштагы жигитти издөөдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Сокулук районунун милиция кызматы дайынсыз жоголгон 25 жаштагы Адашбек уулу Бактиярды издөөдө.

Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматында, 25 жаштагы жигит 7-сентябрда Ново-Павловка айылындагы Деповская көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 170 см, орто дене түзүлүштө, чачы кыска жана кара, көзү күрөң.

Мезгилге жараша кийинген.

Милиция кызматы Адашбек уулу Бактиярды көрүп же ал тууралуу кандайдыр бир маалымат угуп калса 0(312) 60-75-67, 0(558) 86-14-86, 0(709) 35-35-29 номерлерине чалууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий